"Жирудан укмуштуудай гол". Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндун жыйынтыктары

Бүгүн, 24-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын биринчи күндүк оюндары өттү.

Италиянын "Лацио" командасы өз үйүндө фаворит командалардын бири болгон "Бавария" клубун кабыл алды. Бул оюнда коноктор үй ээлерине эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 1/4 финалга ишенимдүү кадам таштады.

Бул эки команданын жооптук оюну 17-март күнү Германиянын Мюнхен шаарында өтөт.

"Лацио" - "Бавария" (1:4);

Голдор: Роберт Левандовский (9-м), Жамал Мусиала (24-м), Лерой Зане (42-м), Франческо Ачерби (47-м), Хоакин Корреа (49-м).

Экинчи жуптук оюнда Испаниянын "Атлетико Мадрид" командасы Бухарест шаарында лондондук "Челси" клубун кабыл алды. Оюндун жүрүшүндө командалар кылдаттык менен оюн алып барып, арты-артынан кооптуу учурларды жаратышты. Оюндун 68-мүнөтүндө "Челсинин" чабуулчусу Оливье Жиру атаандаштарынын дарбазасына укмуштуудай кооз гол жаратып, эсеп санын ачты. Алгач капталдагы калыс офсайд абалына ишарат кылган, бирок VAR'ды көргөндөн кийин калыс голду эсептеди.

"Атлетико Мадрид" - "Челси" (0:1);

Голдор: Оливье Жиру (68-м).

Бул эки команданын жооптук оюну 17-мартта Лондон шаарындагы "Стэмфорд Бридж" стадионунда өтөт.

"Лацио" - "Бавария" (1:4)
"Атлетико Мадрид" - "Челси" (0:1)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2021-02-24 19:34:29
Бавария баарын айрыйт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан