Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндун жыйынтыктары (видео)

Бүгүн, 25-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын биринчи күндүк оюндары өттү.

Анда Италиянын "Аталанта" командасы өз үйүндө Испаниянын күчтүү делинген "Реал Мадрид" клубун кабыл алды. Оюн 0:1 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктап, жалгыз голду оюндун 86-мүнөтүндө Ферлан Менди жаратты. Бул эки команданын жооптук оюну 16-мартта Мадрид шаарында өтөт.

"Аталанта" (Италия) - "Реал Мадрид" (Испания) (0:1);

Голдор: Ферлан Менди (86-м).

Экинчи жуптук оюнда Германиянын "Боруссия Мёнхенгладбах" командасы Будапешт шаарында күчтүү делинген "Манчестер Сити" командасын кабыл алды. Бул оюнда коноктор күчтүү болуп, 0:2 эсебинде жеңишке жетти. Бул эки команданын жооптук оюну дагы 17-мартта өтөт.

"Боруссия Мёнхенгладбах" (Германия) - "Манчестер Сити" (Англия);

Голдор: Бернарду Силва (29-м), Габриэль Жезус (65-м).

"Аталанта" - "Реал Мадрид" (0:1)
"Боруссия Мёхенгладбах" - "Манчестер Сити" (0:2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан