Садыр Жапаров Владимир Путинге кылыч белек кылганы кабарланды

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге кылыч белек кылган. Бул тууралуу Жапаров "Российская газета" басылмасына берген маегинде билдирген.

Путинге берилген белек боюнча журналисттин берген суроосуна Жапаров “Мен кооз кылычты Орусиянын президенти Владимир Путинге белек кылдым.

Бул кылычты Кыргыз өлкөсүндө мыкты усталар жасаган", - деп жооп берген.

Ал эми бул маалыматты президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек да тастыктап, Жапаров Орусиянын өлкө башчысына чын ниетинен кылыч белекке бергенин билдирди.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталып, ал өлкөгө түндө кайтып келгени маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан