Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.
Маек учурунда Садыр Жапаров мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тууралуу да пикирин билдирген.
— Садыр Нургожоевич, сиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоолор менен бийликке келдиңиз.
Акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун мындай «юридикалык эмес» механизми Кыргыз өлкөсүндө кадимки көнүмүшкө айланды. Президент мырза, эмне үчүн мындай болуп жатат?
— Чындыгында эле, акыркы 30 жылда Кыргыз өлкөсүндө элдик толкундоолор менен бийлик үч жолу алмашты. Биздин мамлекет жаш мамлекеттин калыптануу учуруна мүнөздүү болгон оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөт, башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе.
Биз эми ушул мезгилден мамлекетибизди татыктуу алып чыгып, бирдиктүү эл катары учурду башыбыздан өткөрүшүбүз керек. Бизде көп учурда кайсы бир топтун же бир адамдын саясий же болбосо каржылык кызыкчылыктары элдин жалпы кызыкчылыгынан жогору турарын жашыра албайм. Коомдун өнүгүшү менен жарандарыбыз акырындап элдин биримдиги менен бөлүнбөстүгү, жалпы кызыкчылыктын жеке кызыкчылыктардан маанилүү экенин түшүнө башташты. Бул оңой жол эмес, бирок биз сөзсүз ушундай жалпы аң-сезимге жетебиз.
Хадистердин биринде: «Билип койгула, маңдайыңа эмне жазылса ошону көрөсүң, эгерде маңдайыңа жазылбаса ал нерсе болбойт. Сабырсыз жеңиш жок экендигин, жоготуусуз табылга, кыйынчылыксыз жеңилдик болбостугун билип койгула» деп айтылган. Келечекте эмне болорун мен алдын ала биле албайм. Мен бир гана нерсени — көздөгөн максатына жете билген, эрки бекем, сабырдуу элибиз кандай гана сыноо болбосун жеңип чыгарын жакшы билем.
Ошол эле маалда Кыргыз өлкөсүндөгү саясий окуялардын өзгөчөлүктөрүн экинчи жагынан карап көрсөк, өлкөнүн мурунку лидерлери элге бийлик алмашуусунун юридикалык механизмине мүмкүнчүлүк бербегенин көрөбүз: шайлоону терең бурмалоо, саясий куугунтук, коррупция, кландар. Ошентип эл мындай абийирсиз бийликти күч менен кулатууга аргасыз болушкан. Албетте, мен муну бийликти алмаштыруунун жакшы жолу деп айтпайм, бирок мындай кырдаалдарда элде бийликтин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирүүнүн башка жолу болбойт.
Мен кыргыз эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт.
Ошондой эле геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы туруксуздукту жаратып, чагымчылдык кылууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп кетейин.
Бирок тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган.
Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси.