Иран бийлиги коронавируска каршы орусиялык Спутник V вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Сейф аль-Бадр билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылманын маалыматына ылайык, азыркы учурда аталган өлкөнүн премьер-министри Мустафа аль-Каземи Орусияда иш сапары менен жүрөт жана вакциналарды жеткирүү боюнча келишимге кол коёт.
"Ирандын саламаттыкты сактоо министри Хасан ат-Тамими Орусиянын вакцинасын колдонууга уруксат берилген соң вакцинаны алып келүү боюнча келишим түзүүгө тапшырма берилген", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Орусиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турган дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.