Коронавирус инфекциясына байланыштуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, чет өлкөлөрдөн келген Кыргыз жарандарын медициналык кароо чараларын жүргүзгөн тиешелүү кызматтардын ишин жеринен дагы бир жолу текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Биринчи вице-премьер Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү ишине байкоо салды. Кыргыз өлкөсүнө чет өлкөдөн келген Кыргыз жарандары аэропорттон эки ирет текшерүүдөн өтүүдө. Ошондой эле Кубатбек Боронов обсервациялык жайдын иши менен таанышты. Карантинге алынган аймакты Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тейлейт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, медицина кызматкерлеринин талабына ылайык карантинге алынган аймак байма-бай дезинфекцияланып, обсервациялык жайдан чыккан буюмдар медициналык калдык катары утилизацияланат. Биринчи вице-премьер карантинге алынган аймакты тейлей турган кызматкерлер коопсуздук чараларын катуу сакташы керектигин эскертип, аларды коргоочу кийимдер жана атайын каражаттар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча тапшырма берди", - деп жазылат маалыматта.