Соңку сутка ичинде өлкө боюнча дагы 23 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада Ош, Талас, Нарын жана Баткен облустарынын тургундарынан илдет аныкталган жок.
Бишкек - 16;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1.
Муну менен коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны жалпы 86 миң 606га жетти.
Ал эми акыркы суткада коронавирус инфекциясын 31 бейтап жеңип чыкты.
Бишкек – 20;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2.
Өлкө боюнча айыккандардын саны жалпы 83 миң 606 болду.