Биз социалдык тармакта

Маанайы суз. Ак чепкен кийген Сыймык Жапыкеев Финпол менен коштошту

Кызматы жоюлуп кеткен Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратты.
"Урматтуу достор, кече күнү Финполдун коллективи менен коштошуп, алар узатышты. Колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып, өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыраазымын. Финполдун төрагасы катары элим, жерим жана өлкө үчүн таза-так иштегенге аракет кылдым.
Эч жерден пара опузалап же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 миллион сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жаттык эле.
Баары оңой эмес. Мен акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп, кант диабетим көтөрүлүп кетти. Дарыгерлер карап жатышат, нерв болбош керек экен, үйдө жатам. Ден соолук болбосо эч нерсенин кереги жок экен.
Достор, акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү. Эмне жок, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингге чыгып, өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dolbooruwka
2021-03-11 12:04:12
С.Жапыкеев биз сизди башка жакшы жумуш орундан кутобуз.
-6
nazarnew
2021-03-11 12:28:28
Көрө албаган чимкирик байлар Садырга кошомат кылышып Финполду да жаптырып тынышты, скоро алардын да арттары ачылмак, эх не деген заманда жашап атабыз.
+9
max-bek
2021-03-11 15:43:41
nazarnew,койчу э кимди камап койду ушул убака чейин. Жумалиевди кустурам деп убада берип алып.кайра анын кол тийбестиги бар деп оозун ачып отурганда. Ташиев камап койду го. Мунун жон эле популист. Колунан эч нерсе келбейт экен. Элди ширин создору менен 15 кундо 15 олигархты кустуруп кытайдын карызын кутулуп коем деп алдады. 15 кун эмес 150 кундо эмнени кыйратты
0
bond02
2021-03-11 12:42:27
Сен мамлекеттик кызматка отурбай кухнянда эле отур.
+4
Belek1710
2021-03-11 18:35:52
Корообкаларда эмне бар болду экен, козу грилби же?
+1
aiba.20201234567
2021-03-11 21:15:59
Финполду жойбош керек эле да чоңураак ката кетти окшойт каап...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан