Жалал-Абад шаарында "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси болуп өттү

Жалал-Абад шаарында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Айгерим Нурболот кызы билдирди.

Анын айтымына караганда, иш-чарага 600гө чукул адам катышты.

"Иш-чарага агартуу тармагында үзүрлүү эмгек кылып келе жаткан агайларыбыз Гапыр Мадаминов, Мамбетасан Ибраев, Нуржигит Кадырбеков, Идрис Айитбаев, Улукбек Омокеев жана "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков катышып, Жалал-Абаддын элине руханий-интеллектуалдык азык тартуулашты.

Кечеге келген эл көрөңгөлүү инсандардын ар бир сөздөрүнөн азык алышып, толкуп отурушту десек жаңылышпайбыз.

Ошондой эле азыркынын Дүйшөнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агайыбызга жергиликтүү компаниялардын биринин жетекчиси Түгөлбай Сейдалиев күтүүсүз унаа белек кылып, көпчүлүктү сүйүндүрдү.

Унаанын ачкычын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков өзү тапшырды. Иш-чарага 600гө чукул адам катышты", - деди Айгерим Нурболот кызы.

Белгилей кетсек, буга чейин "Китеп той" маданий-интеллектуалдык кечеси Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан