Жеңиш Молдокматов: "Патриоттук сезим менен мамлекетти оңдойм деп келдим деген сөздү айткым келбейт"

"Патриоттук сезим менен саясатты эңсеп, мамлекетти оңдойм деп келдим деген сөздү айткым келбейт", - деп Жеңиш Молдокматов SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында айтты.

Анда ага "Замандаш" партиясына келгенге чейин сиз ар кандай кыймылдар менен акцияларды уюштуруп келгениңизди билебиз. Негизи эле саясат жолуна кантип аралашып калдыңыз эле?", - деген суроо берилди.

"Мен патриоттук сезим менен саясатты эңсеп, мамлекетти оңдойм деп келдим деген сөздү айткым келбейт. 2010-жылы Нарындагы революцияга катышкам. Ошол учурдагы ички иштер министринин орун басарын эч кимге чаптырбай, чокутпай ал жактан качырганбыз. Андан кийин кен байлыктарды коргоо боюнча комитеттерди түзүп калдык, коомдук иштерге аралашып жүрүп 2015-жылы "Замандаш" партиясына мүчө болуп кирип, парламенттик шайлоого катышып саясатка аралашып калдым", - деди ал.

Жеңиш Молдокматов: "Азыркы бийлик кызмат сунуштаса барбайм"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан