Таластын 43 тургуну Кореяга иштөө үчүн барат

Талас облусунун 43 тургуну Түштүк Кореяда иштегенге мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 19-декабрда кыргызстандыктарды Кореяга жөнөтүү боюнча иш-чарада билдирди.

"Президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында министрлик тарабынан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун ортосунда Талас облустук администрациясы жана Корея Республикасынын Кочанг районунун Чолла-Пукту провинциясы менен макулдашууга кол коюлган. Ал боюнча айтылган облустун тургундарынын биринчи тобун Түштүк Кореяга жөнөтүлөт.

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн келишимде эмгек шарттарын түзүү каралган, бул татыктуу эмгек акы, социалдык кепилдиктер, силер өзүңөрдү жогорку деңгээлди көрсөтүп, барган өлкөнүн мыйзамдарын бузбооңуз маанилүү", - деди министр.

Маалымат үчүн: Акыркы маалыматтар боюнча учурда Түштүк Кореяда расмий түрдө 7877 Кыргыз жараны каттоодо турат.

"Жылкычынын ыры"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
minchynar
2022-12-19 18:10:00
Туштук емес балким тундук Кареядыр адашпай жазсанар туштук кареяда бирда кыргыз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан