Мыктыбек Арстанбек: "Матраимовдун тушундагы акчалар азыр кайда?"

Коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунда конок болду. Ал маегинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу пикирин айтты.

"Матраимов уурдап туруп анан элге жардам берип жатат" дешет. Мейли, сен деле уурдап туруп анан жардам бергениңди көрсөтчү? Азыр ким уурдап жатат анда? Матраимовдун учурунда уурдалган акчалар азыр кайда кетти? Кана ошол акча? Демек бирөөгө кетип жатат да. Уурдап жатабы? Кана анын жакшылыгы?

Фейктер ар нерсени жазып жатышты. Кээ бирлеринде мен жөнүндө "Матраимовдон акча алат" деген ой пайда болгон окшойт. Мен анын акчасына муктаж эмесмин. Мен түз ала турган өзүмдүн демөөрчүм бар, ал - Кудай. Буга далил толтура. Тескерисинче Матраимовдон акча алгандар ушундай сөз чыгарып жатышат.

Райымбектин кандай экенин бир Кудай билет. Мен тааныбайм деле. 2 жолу саламдашкан жайыбыз бар. "Сен Райымбек турбайсыңбы" деп саламдашпай өтүп кете албайсың да", - деди Мыктыбек Арстанбек.

Мыктыбек Арстанбек: “Президенттик шайлоого пиар үчүн баргам“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан