Тилек Токтогазиев октябрь окуяларында кийип жүргөн бронежилетти кайдан алганын айтты

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда маек берип жатып октябрь окуяларында кийип жүргөн бронежилети тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бронежилетти ал коопсуздук үчүн кийип жүрүүгө аргасыз болгон.

"Октябрь окуялары болуп жаткан учурда укук коргоо органдарында иштегендер мага криминал тараптан кол салуу болушу мүмкүн экенин эскертишти. Мен аларга толук ишенем. Анткени алар жакын досторум. 9-октябрга чейин 2-3 күн үй-бүлөм менин, мен алардын кайда жүргөнүн билген жокмун. 7-8-октябрда артыбыздан ар кандай унаалар аңдып жүрдү. 9-октябрда темир жол бекети тарапта 2 киши куралчан турат, абайлагыла деп алардын сүрөттөрүн жиберишти. Аянтты көздөй жөнөгөнүбүздө басып баратканда көзөмөл алсыз болот, жаныңарга келип атып кетиши мүмкүн деп күзөттөгү балдар бронежилет кийгизишти. Алар кайдан алганын билбейм. Меники калың болчу, кийин билсем башкалардын бронежилеттери жука эле экен. Жукалары жаңы технологиялар менен жасалып, баасы дагы кымбат окшойт (күлүп). Ошол берген бронежилетти алып, үстүнөн курткамды кийип алгам", - деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев: “Душмандарым көп болот, спортсмендер келип коркута башташты“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
souza.j
2020-12-20 12:42:35
Шаолин
0
nazarnew
2020-12-20 12:53:26
Молодец бала, Артем и Эльвира үчөөсү.
+6
bond02
2020-12-20 12:57:04
Шаолинь коркок!!! Сени атып кеткидей президенттике корсотулуп жаттын беле, калпты да аябай айтат турбайсынбы сен.
-4
Asel69
2020-12-20 14:18:39
Тилектей болгон жаштарды колдош керек. Азаматсын Тилек
-6
sultan_bek
2020-12-20 14:27:52
Садыр Жапаров мамлекетти бандитизм жолу менен башкара турган болуп калды. Бизде мыйзам эмес, бандиттик мыйзамдар иштеп калат.
-17
Tyty1990
2020-12-20 18:08:36
sultan_bek,Садыр эмес анан силердин кудайынар арстан алай болсунбу
+5
Kuban-1207
2020-12-20 15:27:17
Алга
-7
Invests
2020-12-20 16:05:05
Эми 6жыл зектер башкарат. Мадумаровду эле шайлайлычы туугандар
-6
make2
2020-12-20 20:16:40
Invests,Эң туура чечим
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан