Бүгүн, 18-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын акыркы жооптук беттештери орун алды. 1/8 финалда Европанын эң мыкты делинген командалары чейрек финалга өтүштү.
Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына төмөнкү командалар өттү: "Ливерпуль", "Боруссия Дортмунд", "ПСЖ", "Порту", "Манчестер Сити", "Реал Мадрид", "Челси" жана "Бавария".
Чейрек финалдын чүчү кулак аземи 19-март жума күнү Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФА уюмунун башкы кеңсесинде болот. Чейрек финалдын алгачкы беттештери 6-7-апрелде өтсө, жооптук беттештер 13-14-апрелге белгиленген.
Ал эми Чемпиондор Лигасынын финалы 29-май күнү Түркиянын Стамбул шаарындагы 76 миң көрүүчү бата турган "Ататүрк Олимпиада" стадионунда өтөт.