Италияда өткөн эл аралык "Cultura in movinento" онлайн сынагында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан Чүй райондук маданият үйүнүн "Жылдыз" бийчилер тобу 1-орунга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган сынакка жалпысынан 37 өлкө катышып, катышуучулардын курагы 11-12 жашты түзгөн. "Жылдыз" фольклордук ансамбли бул сынакта "Муха-Цокотуха" бийи менен "Эстрадалык бий" номинациясында катышкан.
"Ансамблдин жетекчиси Наталья Быкова. Бул бий Парижде өтө турган эл аралык сынакка катышуу үчүн 2020-жылы даярдалган. Бирок пандемияга байланыштуу иш-чара өтпөй калган. Мындан улам ансамбль Италияда өтүүчү эл аралык онлайн сынакка катышуу үчүн видеолор жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Сынак аяктаган соң 1-орунду алгандыгы жана 300 еврого сертификат берилгендиги тууралуу маалымат электрондук кат менен келди", - деп жазылат мекеменин маалыматында.