Чүй облусунун Токмок шаарында коммуналдык ишкананын имаратында өрт чыкты. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды.
Бүгүн, 21-мартта Токмок шаарындагы коммуналдык ишкананын аймагында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:37де 1 бөлүм, саат 07:46да кошумча 1 бөлүм, саат 07:58де 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган. Куткаруучулар тарабынан өрт саат 08:58де чектөөгө алынды.
Жабыркагандар жок дешти мекемеден.