Биз социалдык тармакта

Борбор калаанын көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштери уланууда

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларды иретке келтирип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорду оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын өндүрүш планына ылайык жүргүзүлүүдө.

"Учурда Гагарин жана Кырк-Кыз көчөлөрүнүн кесилиши, Байтик баатыр көчөсү Медеров көчөсүнөн Баялинов көчөсүнүн чыгыш тарабына чейин оңдолуп жатат.

Күн ичинде Элебесов көчөсүнүн жол катмарын түндүк багыты жана Фучик көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин иретке келтирилет. Жогорудагы аймактарда унаа кыймылына жарым-жартылай тоскоолдуктар жаралууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан