Өлкө боюнча өткөн күрөштө милициянын кайгуул кызматынан куралган команда биринчиликти алды

Өлкө боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында күрөш болуп өттү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, милициянын кайгуул кызматынан куралган команда “Самбо” күрөшү боюнча биринчиликти алды.

"19-20-март күндөрү Жалал-Абад облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында кызмат өтөп, каза болгон Мамасадык Турсунбаевдин жаркын элесине арналган жалпы 7 облус боюнча аталган кызматкерлер арасында 62, 68, 74, 82, 90 килограмм жана 100 килограмм салмактагы кызматкерлердин катышуусунда болуп өткөн “Самбо” күрөшүндө Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлеринин курамында түзүлгөн команда биринчиликти алды", - деп билдиришти аталган кызматтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан