Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери коронавирустун келип чыгуу себептерин таба элек

Коронавирустун келип чыгуу себептерин изилдеп жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Кытай бийлигинен толук маалымат ала элек. Бул тууралуу уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус SARS-CoV-2 вирусунун келип чыгышы жөнүндө отчётту жарыялоо боюнча брифингде айтканын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, январь айында Австралия, Улуу Британия, Вьетнам, Германия, Дания, Катар, Кения, Кытай, Нидерланды, Орусия, АКШ жана Япониядан келген окумуштуулар тобу (34 окумуштуу) Кытайдын Ухан шаарына вирустун келип чыгышын изилдөө үчүн барышкан.

Адистер вирустун келип чыгышынын төрт вариантын табышкан. Алар жапайы жаныбарлардан адамдарга жугуу, ортомчу жаныбар аркылуу жугуу, тоңдурулган тамак-аш аркылуу жана лабораториядан чыккан инфекция аркылуу жугуу деп белгилешкен.

"Окумуштуулар тобу маалыматтарга жетүүдө тоскоолдуктарга учурашканын айтып беришти. Алар чоң көлөмдөгү маалыматка ээ болушканына карабастан, Кытай бийлиги жетиштүү маалыматтарды берген эмес. Келечекте биргелешкен изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өз убагында жана толук маалымат алмашуу болот деп ишенем", - деген уюмдун өкүлү.

Эксперттер Ухан базарында жапайы жаныбарлардын этин саткан учурларды тастыкташканы менен оорунун булагы аныкталган эмес. Ухан жана анын тегерегиндеги базарларда сатылып жаткан этти текшерүү үчүн дагы бир топ изилдөө иштерин жүргүзүү керектиги белгиленди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы изилдөө жетиштүү деңгээлде болбогонун, дагы көптөгөн изилдөөлөр талап кылынарын кошумчалады.

"Вирустун келип чыгышын аныктоо үчүн убакыт талап кылынат. Бул биздин бүт адамдардын алдындагы милдетибиз. Келечекте мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн жамааттык чараларды көрө алабыз. Бир изилдөө сапарында бардык суроолорго жооп табуу мүмкүн эмес", - деген ал өз сөзүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан