3-майга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 426 миң 711 болду. Алардын 1 миллион 93 миң 46сы ооруканадан сакайып чыкса, 243 миң 795 адам каза болду.
Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда учурда 1 миллион 132 миң 512 адам оору жуктурган. Андан 175 миң 382 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 66 миң 368 бейтап вирустан көз жумду.
Испанияда 216 миң 582 адам коронавирус илдетин жуктуруп, 117 миң 248 бейтап ооруканадан сакайып чыкты. Ал эми инфекциядан каза болгондордун саны 25 миң 100гө жетти.
Италияда болсо коронавирус менен ооругандардын саны 209 миң 328ге жетип, 79 миң 914 адам ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы 28 миң 710 адам коронавирус илдетинен дүйнө салды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.