Күн ичинде 2 башкы окуя болду. Бири өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизиле турганы болсо, экинчиси коронавирус катталгандан бери рекорддук санда илдетти жуктуруп алгандар аныкталды.
25-март саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилет. Жогорку Кеңеште өзгөчө абал киргизүү боюнча президент чыгарган жарлыкка байланыштуу токтом кабыл алынды.
Республика боюнча коронавирусту жуктуруп алган дагы 26 адам катталып, ооругандардын жалпы саны 42ге жетти. Илдет аныкталгандардын арасында бир жашка чыга элек ымыркай да бар. Дагы башка 100 адам коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылды. 26 адамга келсек, баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Биринчи жолу Ала-Бука району, Ош шаары жана Кара-Суу районунан ооруга чалдыккандар катталды. Вирусту жуктуруп алганы катталган 26 жаӊы учурдун ичинен: 14 киши Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 24-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.