Ала качылып, андан кийин киши колдуу каза тапкан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митинг Бишкек жана Ош шаарларында болду.
Бишкек шаарындагы митингге миңдей адам катышып, анда Ички иштер министрлигинин отставкага кетүүсү талап кылынды. Ал эми Ош шаарында 20дан ашуун адам топтолгонун Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Нааразычылыкка чыккандар "Аялдарга карата зомбулук токтотулсун", "Ошто кыздар эркин жүрө алышабы?", "Кепилдик барбы?", "Сиздер эмне кылганга даярсыздар?" дешти.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү укук коргоочулар үйлөрүнө уктоо үчүн барышарын айтып, кылмыш өнүккөн өлкөлөрдө деле болуп келерин белгиледи.
"Ала качуу - салт эмес, кылмыш. Мен ата катары үйлөнө элек балдарга кайрылам. Ала качуу мурунтан эле кылмыш болгон, кылмыш боло берет. Адамды никеге турууга мажбурлоого эч кимдин укугу жок. Силер кыздарды ала качкан күндө деле ал кыз өзүнүн сүйүктүүсүн эстейт, бактылуу боло албайт. Ал эми кыздарга ала качып бара жаткан адамды чочутпоого чакырат элем. Анткени ала качкан адам андай учурда өзүнүн агрессивдүүлүгүн көрсөтүшү мүмкүн", - деди мекеменин өкүлү.
Окуянын чоо-жайы:
5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Бүгүн, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет.