Жер шарын каптап, кары-жашына, бай-кедейине карабастан жугуп жаткан илдеттен жабыр тартпаган өлкө деле калган жок. Коронавирус чыккандан тарта дарыгерлер адамдарды бет кап кийип жүрүүгө талыкпастан чакырып келишет. Өзүнүн жана айланадагылардын ден соолугу үчүн кам көрүп, жоопкерчиликти сезе билген адамдар көп. Алардын арасында аты Алайга, даңкы далайга кеткен белгилүү саясатчылар, Голливуд жылдыздары да жок эмес.
43 жаштагы белгилүү модель Наоми Кэмпбеллди журналисттер бет кап менен гана эмес, атайын коргоочу костюм кийип жүргөнүн байкашкан.
Өзүнүн сулуулугу жана дайыма жарашыктуу, стилдүү кийинип жүргөнү менен айырмаланган Словакиянын президенти Зузана Чапутова жаңы өкмөттүн ант берүүсүнө көйнөгүнүн түсүнө окшош бет кап тагынып келген.
Атактуулардан алгачкылардан болуп бет кап жана медициналык кол кап кийүүгө Ким Кардашьян чакырган.
Украина саясатында өз орду бар Юлия Тимошенко дагы Раданын жыйындарына кара бет капчан келип жатканын сүрөттөн байкоого болот.
Белгилүү орусиялык спортчу Евгений Плющенконун жубайы Яна Рудковская өзүнүн гүл сымал бет кабы менен айырмалана алган.
Ал эми жергиликтүүлөргө токтолсок, бүгүн белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнүн майда балыктардын сүрөтү түшүрүлгөн бет кабы менен сотко келгенин байкадык. Айрым маалыматтарга караганда, бул бет капты анын жубайы Айгүл Текебаева өзү тигип берген.
Ал эми белгилүү эстрада жылдызы Кубаныч Ажыбаев социалдык тармактагы баракчасына байпактан жасалган бет кабынын сүрөтүн жүктөгөн. Ырчы эң башкысы байпак бүтүн болуш керек экендигин белгилеген.
Кыргыз саясатынын айрым өкүлдөрү, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирус каттала элек учурда эле Бишкектин булганган абасынан коргонушуп, бет капчан түшкөн сүрөттөрүн жарыялашкан болчу.