Кара-Балтада транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоочу борбор иштей баштады

Кара-Балта шаарында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Жайыл-Панфилов бөлүмүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоочу борбор иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул борборду (КТБ) ачуу аземине Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев жана "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев катышты.

АвтоКТБнын имараты кыска убакыттын ичинде капиталдык оңдоодон өтүп, кеңселер "open spase" форматына өткөрүлдү.

"АвтоКТБ жарандардын муктаждыктарына, жеткиликтүүлүгүнө жана ыңгайлуулугуна багытталган. Иш процессинин өзгөчөлүгү мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

АвтоКТБ "бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштейт, айдоочулук күбөлүктөрдү, автоунаа номурларын берүү, транспорттук каражаттарды каттоо жана кайра каттоо боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Бардык процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөн жана системаштырылган.

АвтоКТБнын жалпы аянты 304 чарчы метр, унаа токтоочу жайдын аянты 2500 чарчы метр, ал эми аянты 1000 чарчы метрден ашык аймак транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн каралган.

Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү үчүн жай, унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча архив, мамлекеттик номерлер үчүн кампа да бар", - деп жазылат маалыматта.

Айдоочулук күбөлүктү алуучулар үчүн экзамендик класс каралган. АвтоКТБ Кара-Балта шаарынын Жайыл баатыр көчөсү 127 дарегинде жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан