Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор АКШлык Дастин Порье менен беттешүүдөн баш тартты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, мындай кадамга Порьенин Макгрегорду айыптаган билдирүүсү себеп болгон.
Буга чейин АКШлык мушкер ирландиялык мушкерди берген убадасын аткарбай койду деп айыптаган.
"Сен менин кайрымдуулук фондума кайрымдуулук иретинде жардам берүүнү убада кылгансың. Бирок январь айындагы беттештен кийин сен жана командаң унчукпай калышты. Жакында көрүшөбүз,10-июлда бардыгын төлөп бересиң!", - деп жазган Порье.
Буга жооп иретинде Макгрегор беттештен баш тартарын билдирди.
"Менин командам кайрымдуулукка жумшалган ар бир каражаттын туура багытта пайдаланылышына көз салып турат. Ошондуктан 500 миң долларды жөн эле берип койбойбуз, сен акчаны кандай пайдаланышты билбейсиң. Айтмакчы, биздин беттеш болбойт. Башка бирөө менен күч сынашам", - деп жазды Макгрегор.
Бул эки мушкер эки жолу беттешкен. Биринчи беттеши 2014-жылы өтүп, анда Макгрегор жеңишке жеткен. Экинчиси ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өтүп, анда Конор Макгрегор Дастин Порьеге беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен утулуп калган. Үчүнчү беттеш ушул жылдын 10-июлуна белгиленген болчу.