Бишкектеги эки көчөнүн кесилиши оңдоп-түздөө иштерине жабылат

15-апрелден баштап Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында көчөлөрдүн дагы эки участкасында жол иштерин баштоо пландаштырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өмүракунов көчөсүнүн Тимур Фрунзеден Ашарга чейинки бөлүгү, Шота Руставели көчөсүнүн Ажыбек Баатырдан Гагаринге чейинки бөлүгү жабылат.

"Бишкек шаарынын мэриясы жолдордун курулушу менен байланышкан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардын түшүнүүсүнө үмүттөнөт. Ошондой эле айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну суранат", - деп айтылат билдирүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан