Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов милиция кызматкерлери кайдыгерлик кылууну улантып жатканын Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, киши өлтүрүү боюнча эки иш бар. Анын бири Бишкек ШИИББинде, ал эми дагы бири УКМКнын карамагында. Ошондой эле үч күндөн бери тергөөчүлөргө байланышууга аракет кылып жатканын айткан.
"Чындыгында, сөөк табылгандан бери 5 күн өттү. Тергөөчү дагы деле Айзаданын апасын иш боюнча жабырлануучу деп тааныган жок, аны жана башка туугандарын суракка алган жок. Шектүүлөрдү камакка алуу иштери башталгандыктан экспертизалар дайындалып жатат жана жабырлануучулар айыптоолордун маңызы, экспертизаларды дайындоо жөнүндө билүүгө укуктуу, алар өтүнүч билдирүүгө, айрым тергөө аракеттерине катышууга укуктуу.
Милиция кызматкерлери (кылмыш жасалган жерде эмес, энесинин жашаган жеринде), сөөк табылгандан кийин, коңшуларын кыдырып, кыздын жүрүм-туруму тууралуу сураганын билебиз. Мындан сырткары алар туугандарын сүйлөшүүгө чакырып, милициянын шалаакылыгы тууралуу айтпоого үндөп жатышат. Милиция эмне менен алек болуп жатат?" - деген адвокат.
Адвокат Нурбек Токтакунов Бишкек ШИИББинин тергөөчүлөрү менен чогуу эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине кайрылып, бул ишти аягына чыгаруу үчүн толук кандуу кызматташууга чакырган.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.
8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин баардыгы кармалды. Ошондой эле кармалгандар СИЗО-1ге камакка алынышкан.