SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек болду.
Анда ал президенттик шайлоого пиар үчүн аттанганын айтты. "Президенттик шайлоого аттануунун негизги максаты - пиар. Анткени саясий майданга чыгыш керек болчу. Минтип отура бергенден тажадым. Ушундай эле акылдуу болсоң эмнеге чыкпайсың? Ошентип шайлоого катыштым. Колуман эмне келет? Кудайга шүгүр, уят болгон жокмун. Пиар деле жакшы болду. Көбү "муну журналист экен десек саясатчы дагы экен" деп айтышты. Саясий майданга алгачкы кадамымды жасадым. Бир аз газды тепкенде, балким, экинчи орунду алмакпыз. 3 бала интернетте жарым саатай иштеди", - дейт ал.