Нуржигит Кадырбеков: "Фонограмма - бул элди алдоо"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу экс-министр Нуржигит Кадырбеков болду.

Анда ага "Маданият министрлигине келгенде биринчи эле фонограмма деген маселеге токтолдуңуз. Мунун себеби эмне?" деген суроо узатылды.

"Маданият тармагында иштегендер өзүн маданият кызматкерибиз деп атайт. Маданият эмнеден башталат, ал чынчылдыктан башталат. Биз маданият десе эле ырдап-чордоп коюп, ары барып түкүрүп, какырып койгонду түшүнбөшүбүз керек.

Маданият деген бул улуу түшүнүк. Фонограмма - бул элди алдоо. Эгерде бир концерт болсо, алдына фонограмма менен болот деп жазып койсо бул башка кеп. Бирок кесиптештер мени туура эмес түшүнүп калышты окшойт. Орок оро албаган орок тандайт деген түшүнүк бар. Биз ушул маселени көтөргөндө эле биздин аппаратуралар начар, концерт койгон жерлер сапатка туура келбейт деген сөздөр көбөйдү. Бирок алар филармония, драма театрда мындай ырдайлы, Ошто, Жалал-Абадда мындай ырдайлы деп айтышса болмок.

Мейли, фонограммада ырдасаң ырда, бирок афишаңа фонограмма деп жазып кой. Тилекке каршы, аны аткарган эч ким жок", - деп жооп берди Кадырбеков.

Нуржигит Кадырбеков: "Менден сурабай министр кылып коюп, кайра сурабай кызматтан алышты"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-09-23 19:30:57
Жакшы ишти алып кете албады окшойт, ошого иштен алып коюшту окшойт. Бир эле мисал Самараны муз училищага кайрадан жибергени да. Так чечип анан жиберсе болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан