Каныбек Осмоналиев: "Былтыр ким Садыр Жапаров жарым жылдан кийин түрмөдөн чыгып, президент болот деп ойлоду эле?"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев болду.

Анда ага "Сиз азыркы президентти колдогондордун бири элеңиз. Анан сизге премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан жогору кызмат сунушталган жокпу? Эмне болуп бул кызматка келип калдыңыз?" деген суроо берилди.

"Мен адилеттүүлүк, акыйкат үчүн күрөшүп чоңойгон муундун бири болсом керек. Бир эле Садыр Жапаровду эмес, бир топ саясий куугунтуктарда жүргөндөрдүн таламын талашып жүргөн учурлар болгон. Ал эми Садыр Жапаровду 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден бери карап, баа берчүмүн. Болбогон жерден саясий куугунтукка кабылды. Атасы, апасы, уулу каза болгондо ичимден бир нерсе эңшерилип кеткендей болдум. Ошон үчүн алардын штабынын суранычы менен митингдерди уюштуруп, модератор болгом. Тегерек столдорду уюштурдук. Былтыркы болгон окуядан кийим 4 ай камакта болдум. Анда өзүмдүн саясий жолумду улантайын деген ой жок болчу. Былтыр ким Садыр Жапаров жарым жылдан кийин түрмөдөн чыгып, президент болот деп ойлоду эле? Мага бир нече кызматтарды сунуш кылышты. Билим берүү министри кызматы, Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматы сунушталды.

Мен убагында министр болуп иштедим. Октябрдагы абал кандай эле? Жаштарды көтөрүү деген талап эмес беле. Мен аралашып калганым туура эмес болмок. Ректорлукка макул болгом. Саясий оюндар жүрүп кетип, абал курчуп кетпесин деп баш тарткам.

Жаш премьер-министрге тажрыйбалуу кеңешчи керек болуп жатат дегенден азыркы кызматына келгем", - деди Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаровго, Улукбек Мариповго дагы кыйын болуп жатат“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан