Айзада Канатбекованы өлтүрдү делген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн 2 жыл мурун дагы бир кыздан арыз түшкөн

Айзада Канатбекованы ала качып кетип өлтүрдү делген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн 2019-жылы Октябрь РИИБине арыз түшкөн. Арыз менен С.Н. аттуу кыз кайрылып, кийин бул иш тосмо арыздын негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2019-жылдын 14-майында Октябрь РИИБине шаар тургуну С.Н. арыз менен кайрылган. Анда ал милиция кызматкерлерине "З" аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Себеби 14-майга караган түнү саат 02:00 чамасында Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эч кандай себеби жок эле анын денесине жаракат келтиргенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "токмоктоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү ишинде арыз ээси С.Н. тосмо арыз жазып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча кайрылган. Мындан улам иш өндүрүштөн кыскартылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Datka7777
2021-04-15 11:36:21
Маняк
+5
Chikabek
2021-04-15 12:05:20
Аллахым озу жакшылап жаза береер акмакка
+3
Rachki
2021-04-15 18:44:31
Зөөкүр турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан