Дамирбек Асылбек уулу: "Казакстанда камакта жатканымда 70тей депутат барды"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу болду.

Ага "Сиз Казакстанда камакта жатканыңызда депутаттар акыбалыңызды сурап барып жатыштыбы" деген суроо берилди.

"Соттук процесс башталмайынча бизге элчи, консул дагы кире алган жок. Себеби бул чоң операция болду да. Кийин соттук процесс башталгандан кийин соттон аларды көрө баштадым. Жакын адамдарыма, депутаттарга ыраазычылыгымды айтам. Себеби алар график менен төрттөн-төрттөн ар бир отурумга келип жатышты. 120 дебейин, бирок 70тей депутат келип кетти", - деди Асылбек уулу.

"Казакстанда камакта жатканымда Кыргыз өлкөсүнөн 70тей депутат барды" дейт Дамирбек Асылбек уулу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан