SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов болду.
Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты. "Депутат идеяларын, өзүнүн пикирин айтып, бир позициянын ээси болуш керек. Мен 4 жыл депутат болдум. Мага парламенттик тажрыйба жетиштүү болду болуш керек. Депутат болуп, аткаруу бийлигинде дагы иштөө зарыл. Ошондо эл да баа бере алат. Мен азыр өзүм иштеп жаткан тармакта ишти көрсөтөйүн деген оюм бар", - дейт ал.