Таластын мурдагы башчысы: "Төө буурчакка "доляга" отурсам колумду чаап салгыла деп элге кайрылгам"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев болду.

Ага "Төө буурчактын баасына сизди "доляга" отуруп алган деп сындагандар бар. Бул боюнча эмне айта аласыз?" деген суроо берилди.

"Таласта "Агро жемиштери" деген фирма бар. Мамлекет насыя берип жардам берген. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков фирманын ачылышына катышып кеткен. Ошондон кийин төө буурчакка болгон баа төмөндөп баштаган. Анан "президент менен губернатор "доляга" отуруп алышты" деген сөздөр айтылды. Азыр бардыгы жеке ишкерлер, алардан бир сом эмес, төө буурчак дагы сурай албайсың. Губернатордон чоңу барса деле "барчы" деп салышат. Ушулардан бир сом алсам менин колумду чаап салгыла деп айттым", - дейт ал.

Марат Мураталиев: “Өлкөдө коронавирус катталганда Таласта Абу-Али ибн Синанын принциби менен иш алып бардык“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан