"Ухан вирусу": Бразилияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны дээрлик 1 жарым миллионго жетти

Бүгүн, 3-июлга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 836 миң 500 адамга жукту. Анын ичинен 5 миллион 723 миң 808 бейтабы ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 520 миң 634 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 2 миллион 735 миң 554 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 781 миң 970, каза болгондор - 128 миң 684.

Бразилия 1 миллион 496 миң 858 адам менен экинчи орунда турат. Анда 957 миң 692 бейтабы ооруну жеңсе, 61 миң 884 бейтабы кайтыш болду.

Орусияда 660 миң 231 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунду көрсөттү. Айыккандар - 428 миң 276, каза болгондор - 9 миң 668.

Индияда 604 миң 641 адам бул илдет менен жабыркап, анын 359 миң 860 бейтабы айыккан. Кайтыш болгондор - 17 миң 834.

Ал эми бешинчи орунга 292 миң 4 жараны инфекцияны жуктуруп алган Перу өлкөсү чыкты. Аталган өлкөдө ооруну жеңди делинген жарандар - 182 миң 97, каза болгондор - 10 миң 45.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан