Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган "Балдарга окуп беребиз" акциясы башталды

Билим берүү жана илим министрлиги бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган "Балдарга окуп беребиз" акциясын баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Балдарга окуп беребиз" акциясынын максаты - балдар арасында көркөм адабиятты даңазалоо жана анын жигердүү окулушун колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бышыктоо болуп саналат.
"Бул акциянын алкагында 2021-жылдын 23-апрелинде илим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарынын көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, анын жамааты менен баарлашты. Андан соң ал мектеп-интернатта тарбияланып жаткан балдарга "Таттуу алма" жомогун окуп берип, колдон колго өтүп саякаттай турган балдар адабияты салынган баштыкча жана ноутбук белек кылды.
Ушул тапта мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 93 пайызы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда билим алуусун улантууда, алардын көпчүлүгү артыкчылыктуу дипломдорго ээ", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан