Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүүдө, Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө турнирдин негизги карддагы беттештери башталды.
Негизги карддын алгачкы беттешинде америкалык мушкер Энтони Смит менен австралиялык мушкер Жим Крут кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле Смит атаандашынын бутуна кубаттуу сокку узаткан соң атаандашы жыгылып, биринчи бөлүк аяктады. Крут ордунан турган соң анын бутунда олуттуу жаракат бар экени даана байкалды.
Ал ага карабастан, беттешти улантууга даяр экенин айтты. Бирок дарыгерлер беттешти токтотту.