"Бул жылы "Көчмөндөрдүн жери" тасмасы татыктуу болду". "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси

Американын кинематография академиясы "Оскар" сыйлыгынын жаңы лауреаттарынын ысымдарын жарыялады. Сыйлоо аземи пандемияга байланыштуу жаңыланган форматта бир нече жерде болуп өттү. Америкалыктар Лос-Анжелестеги “Долби” театрында сыйланса, АКШга бара албагандар иш-чарага өз өлкөсүнөн видео байланыш аркылуу катышты.
“Көчмөндөр жери

Маалым болгондой, режиссёр Хлои Чжаонун "Көчмөндөрдүн жери" тасмасы "Жылдын мыкты тасмасы" аталып, "Оскар" сыйлыгын жеңип алды. Тасмада жумушсуз, үйсүз калган аялдын тагдыры баяндалат. Фильмде башкы каармандын ролун жараткан Фрэнсис Макдорманд "Мыкты актриса" аталып, фильмди тарткан Хлои Чжао "Мыкты режиссёр" наамына татыды.

"Оскар-2021" наамынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

"Мыкты тасма" - "Көчмөндөрдүн жери"

"Мыкты режиссёрдук иш" - Хлои Чжао ("Көчмөндөрдүн жери")

"Мыкты актёр" - Энтони Хопкинс ("Ата")

"Мыкты актриса" - Фрэнсис Макдорманд ("Көчмөндөрдүн жери")

"Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу" - Дэниэл Калуя ("Иуда жана кара мессия")

"Экинчи пландагы аялдын мыкты ролу" - Юн Ё Жон ("Минари")



"Мыкты оригиналдуу сценарий" - "Үмүт берген кыз"

"Мыкты толук метраждуу анимациялык тасма" - "Жан"

"Мыкты чет тилдеги толук метраждуу тасма" - "Ар бири" (Түштүк Корея)

"Мыкты документалдуу толук метраждуу тасма" - "Менин мугалимим-осьминог"

"Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма" - "Эгерде бир нерсе болуп кетсе, мен силерди жакшы көрөм"

Мыкты кыска метраждуу көркөм фильм - "Эки алыскы бейтааныш"

"Тасмадагы мыкты ыр" - Fight for you ("Иуда жана кара мессия")

"Мыкты оператордук иш" - Эрик Мессершмидт ("Манк")

"Мыкты визуалдык эффект" - "Аргумент"

"Мыкты гримм жана чач жасалгалоо" - "Ма Рейни: блюздун энеси".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан