SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев болду.
Ага айтылуу ашканасы тууралуу суроо берилди.
"Ашкананы ижарага алып 3 жыл жашадым. Аны бир байкеден 25 миң сомго ижарага алгам. Аны мен штаб батир кылып эле ачкам. 9-кабатта жайгашкан, анан коопсуздук жагымды дагы карагам. Кийин сат десем сатпай койду. Аны 3 ай болду, өткөрүп берип салгам", - деди Жапыкеев.
Ал жакка Өмүрбек Текебаев эмнеге барды эле? "Кыргыздар кыйын эле калк. Ашкана десе эле ар кимдин проектиси дешти. Американыкы, Райымдыкы, өкмөттүкү деп чыгышты. Эч кимдин проектиси эмес эле отурабыз го. Өмүрбек Текебаев абактан чыккандан кийин "мага келип жолугуп кетсин" деген экен. Анан барып жолуктум. Жакшы сүйлөштүк, ортодо кофе ичип дагы сүйлөшүп жүрдүк. Саясатты, башка нерселерди сурап дагы алчумун. Бир күнү чай ичели деп келип калды. Бирок ал жердеги кичинекей кофе ичкен жер бош эмес болуп калып, мен аны ашканама чакырдым.
2-3 сааттай чай ичип сүйлөшүп отурдук. Экөөбүздүн эч кандай саясий деле пикирибиз жок, ал мага дос дагы, душман дагы эмес. Ал кишини сыйлайм, ошол киши ашканамды эл менен тааныштырды.
Ашкананын тарыхы уланабы же бүттүбү? "Ал заманга жараша болот. Эгер бийлик ишти алып кетсе, туруп эле кол чабабыз. Мисалы, болбой калса ашканасы жок эле чыгат да", - деди Жапыкеев.