"Аз иштесек дагы, саз иштедик". Сыймык Жапыкеев Финполдо аткарган иштери тууралуу айтты

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар​ долбоорунун кезектеги коногу Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев болду.

Ал Финполдогу кыска аралыкта аткарган иши тууралуу айтып берди.

"Финполдо 4 ай 20 күн иштедик. 5 айга дагы жеткен жок. Тааныштар "Финполду сен келип билдик" дейт. Финполдо иштерман, азамат балдар көп экен. Жакшы тосуп алышты, иштедик, мен иштеп турганда биз экономикалык эле иштерди карадык да. Эгер Башкы прокурор уруксат берсе башка коррупциялык иштерди карай берет элек. Аз иштесек дагы, саз иштедик. Бирөөнүн буйругу менен иштеген жокпуз.

Мисалы, 142 кишиге иш козгоп салыптыр, инвесторго иш козгоптур деп айтып жатышат. Бир дагы инвесторго иш козгогон жокпуз. Өкмөт талкалап салыптыр деп айтып жатат. Өкмөт өзү иштеп алсынчы.

Акыркы 27 жылда 25 төрага болуптур, ошонун бирин дагы эл билбейт. Бир дагы төрагасын таанышпайт", - деди Жапыкеев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан