Медициналык текшерүүдөн өтүү, дарылануу үчүн чет өлкөнү тандаган жылдыздар

Акыркы учурда жашоо образына, ден соолугуна өзгөчө көңүл бөлүп, сапаттуу, технологиясы бир канча жыл алдыга өнүккөн кызматтардан пайдалангандар көбөйүүдө. Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында чет элдик медицина кызматынан пайдаланып, "сheck-up", тагыраагы, ооруну эрте алдын алуу жана дарыланууну тандагандар жок эмес. Алсак:

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жана жубайы Мээрим Төлепберген кыш мезгилинде Түркиянын медициналык жайларынын биринде медициналык кароодон өтүшкөн. Түгөйлөр профилактика үчүн медициналык кароодон өтүп турушарын билдирген.

Каскадёр, жаачы Асланайым Аширова январда Түркияга анализ тапшыруу үчүн барып келген. Эске салсак, Асланайым Аширова 2019-жылы Сауд Арабияда өткөн көчмөндөр ааламы фестивалында оор кырсыкка учурап бутун сындырып алган.

Автокырсыкка кабылгандан кийин ырчы Асел Кадырбекова дагы Түркияга медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, дарыланууга барып келген. Чет өлкөгө ырчы жолдошу Нурлан Насип жана кызы Дария менен ушул жылдын январь айында барган.

Ал эми ушул жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов Түркия мамлекетинде дарыланып кайтты. Ал 5 жылдан бери кант диабети менен жабыркап, чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж экенин жарыялаганбыз.

Комузчу, дастанчы, актриса Гүлнур Асанова ушул жылдын февраль айында Түркиянын Анкара шаарындагы медициналык жайлардын биринен текшерүүдөн өткөн. Ырчы ден соолугун чыңдоо максатында ушул шаарды тандаганын, текшерүүлөрдөн өтө турганын айткан.

Ырчы Анжелика азыркы тапта Түркиянын Стамбул шаарында кызы Айыма менен жүрөт. Ал медициналык текшерүүдөн экөө тең өтөрүн билдирип "азырынча текшерилебиз, дарыланабызбы, жокпу жыйынтыкка жараша болот" деди. Эске салсак, Анжелика айым жыл башында Каракол шаарына бара жатып кыздары, курбулары менен автокырсыкка кабылган. Ошондон кийин ден соолукту калыбына келтирүү процесстери улантыларын ырчы маектеринин биринде белгилеген.

2020-жылы ырчы Нурлан Насип көзүнө операция жасаткан. Операция Түркиянын Измир шаарындагы клиникалардын биринде жасалып, процесс 1 саатка созулган.

Бир учурда хит болгон "Серенада" ырынын аткаруучусу Жамал Абдукеримова көп каражат талап кылган операцияга муктаж экенин жазганбыз. Бүгүнкү күндө ырчы дагы деле дарылануусун Түркияда улантууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayern-munchen
2021-04-28 09:39:23
баары эле Туркия экен биздин медиктер деле мыкты просто апараттар жетишпейт
+7
tavanova.sarah
2021-04-28 10:29:26
bayern-munchen,анан ширин соз жетишпейт. Барсан эле бедный родственниктей кабыл алышат. Сылыктык жокго эсе...
+11
Erlan_95
2021-04-28 21:17:06
Негизи бизде таланттуу врачтар коп, аларга шарт тузуп, айлыгын которуп койсо обслуживаниянын сапаты да жакшырмак. Кыргыздар тейлегенди дагы деле жакшы оздоштуро элекпиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан