Бир суткада 322 адам коронавирус жуктуруп алса, анын 200дөн ашыгы Бишкекте катталды

Бүгүн, 28-апрелге карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети дагы 322 жарандан аныкталды. Аймактар боюнча алып караганда:

Бишкек шаары – 227;
Ош шаары – 9;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу – 6;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2.

Өлкө боюнча жабыркагандардын жалпы саны 94 миң 599 болсо, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы 50 миң 999, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы 43 миң 600.

Акыркы суткада 243 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты.

Бишкек шаары – 150;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 64;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 7.

Муну менен айыккандардын жалпы саны 88 миң 658ди түздү. Бүгүнкүгө карата статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан