“Айдоочулар бизди көтөрүп барбайт”. Жол акынын кымбаттаганына эл нааразы

Гүлүмкан Кудайбергенова үч күн мурун 500 сом жол акы төлөп Бишкекке келген. Ал учурда жол акынын кымбаттаганына байланыштуу Таласка кете албай жатат.
"Эртеден бери ушул жерде Таласка кете албай турабыз. Айдоочулардын алды 800 сом, арты 1000 сомдон кетип жатат. Биздин маселени ким чечет?" - дейт ал.
Кудайбергенова сыяктуу нааразы болгон жарандар “Ак жол” автобекетинде 10доп саналат. Айтымдарында, айдоочулар кырдаалдан пайдаланып, капчыгын калыңдатуунун амалында. Ызы-чуу болгон жерге бир убакта өздөрүн тааныштыргысы келбеген 2 адам келип, бизди камерага тартпоону талап кылды. Бирок ага карабай жумушубузду улантып, элдин көйгөйүн уктук. Ал эми кечээ,16-мартта Таласка кетчү өтмөктөн 9га чукул кичи автобус кайра Бишкекке келген. Азыркы учурда кичи автобустардын Таласка каттабаганына байланыштуу жеңил унаанын айдоочулары абалдан пайдаланып, жол акыны көтөрүп жатышат. Бул тууралуу "Ак жол" автобекетинин кызматкери айтып берди.
Бир топ убакыттан кийин Таласка жеңил унаа менен 600 сомдон жүргүнчүлөрдү алып кеткен унааны кезиктирдик. Бирок бул учурду жүргүнчүлөр камеранын арты менен уюштурулган оюн экенин камерадан сырт айтып беришти. Алар "камера алыстап кеткенден кийин кырдаал кайрадан мурдагыдай болуп калат" деп билдиришти.
Ал эми бул маселелер боюнча “Ак Жол” автобекетинин жетекчилиги кабардар. Алар кырдаалды көзөмөлдөөгө аракет кылып жатышат, бирок негизги чечим өкмөттө. Бул тууралуу автобекеттин директору Султанбек Садырбаев айтып берди. Айтымында, баанын көтөрүлүүсүн эч кимге баш ийбеген айдоочулар жасап жатат. Ал эми "автобекет көзөмөлдүн негизинде гана иш алып барат" деп билдирди ал.
Аталган маселелер боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылганыбызда, мекеме маселе токтомго негизделе турганын билдирди.

Биздин порталга кырдалдан пайдаланып, жол акысын көтөргөн айдоочулар көп болуп жатканы тууралуу окурмандардан билдирүүлөр келип түшкөн. Анда алар Бишкек-Ош унаа жолуна каттаган жеңил унаалардын жол киреси киши башына 2 миң сом болуп жатканын айтып беришкен. Мындан улам биз Ошко каттаган "Дордой моторс" автобекетине сапар алдык. Ал жерге барып, жашыруун камера менен кардар катары айдоочулар менен сүйлөшүп, комментарий алдык. Айдоочудан жашыруун камера менен бааны сураганыбызда, беш орундуу жеңил унаанын баасы 1800 сом, ал эми 7 орундуу жеңил унаа киши башына 1500 сом экенин айтышты.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жол акысы айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы келишим аркылуу гана ишке ашырыла турганын билдирди. Алар жүргүнчү баага канааттанбай финполго арыз жазса, ошондо гана бул маселени кароого укук алышат экен.
Ал эми өкмөт менен бул маселе боюнча байланыша алган жокпуз. Жол министрлиги дагы аталган маселе боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышканын билдирди. Жүргүнчүлөр болсо өкмөттөн бааны көзөмөлгө алууну жана кичи автобустарды каттатып берүүнү талап кылышууда.
Автовокзалдагы чыр: “Эшек менен болсо дагы кетишим керек”
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bessmertiy
2020-03-17 21:26:38
Элден пейил кеткени ушул да.
+12
Migrant-rf
2020-03-17 21:30:17
Балее болду, айдоочуларга эмне жок? Же бензин көтөрүлүп кеттиби?))
+6
jaskaaa
2020-03-17 21:45:43
Кимдин ким экенин иш түшкөндө билесин!
+12
gute
2020-03-17 21:51:32
Бул дагы бир Кудайдын сыноосу. Ушундай сыноодо озубузду кармап ачкоздуктун кереги жок болчу.
+5
Alimbek1000
2020-03-17 22:06:08
Айдочулар ачкөз болбой тескерисинче элге кызмат кылсаңар. Бензин кымбаттап кетти дегенде го түшүнөт элек
+8
Dani
2020-03-17 22:43:22
Видиосун каяктан коробуз
0
Kyrgyz_bloger
2020-03-17 22:51:40
Дуйнодо нефти 30 пайызга арзандады бизде жол акы кымбаттап жатат,эл бузулду кандай жол менен болсо дагы акча табыш керек деп калды,мен гана жашасам болду башкалар оло берсин деген жашоо болуп калды,дагы олконун онукпошуно саясатчыларды куноолоп коебуз коом онолмоюнча мамлекет онолбойт.
+10
katerina.li
2020-03-17 23:41:53
Кыргыздар ото эле шылуун болуп кеттик. Россияда да жон журбрй шыллуундукту корсотобух
0
sirenaaaaa
2020-03-17 23:52:52
Ооба, мен да бугун передача бергени барсам 300дейт, келе анда башка машина карайын десем макул 200сом деп алып кетти. 1500дон киши салып жатабыз дейт естимага. Ошого передачага да бираз кошуп коеюн дегем дейт
+2
Ankel
2020-03-18 08:00:03
Уялбай бетти табактай кылып туруп алмай-жулмай болуп калды. Бензин кымбаттаса бир жөн. Ансыз да студенттер баары үйүнө кайтып клиенттер көбөйүп итинер чөп жеп атат. Биротоло он манжаны эле эмес чыканакка чейин оозунарга тыгып алыпсынар айдоочу сөрөйлөр.
+4
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-03-18 09:17:42
Кыргыздын душманы бул Кыргыз биринди бирин олтуруп тынасын!!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан