УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 28-апрелде чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткен. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Баткендеги чырга байланыштуу жергиликтүү тургундар маселени чечип берүүнү өтүнүп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Алар абал курч болгондуктан бийлик өкүлдөрү келип, маселени чечип берүүсүн жана буга чейин айтылган сөздөргө жооп берүүсүн талап кылышууда.