Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Сухроб Олимзода Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу аталган министрлик маалымат таратты.
Маалыматта министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин элчи Сухроб Олимзодага Максат жана Сай чек ара бекеттерине биринчи болуп ок атканы үчүн Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин мыйзамсыз аракетин сындаганы жазылат.
"Мындан сырткары, кыргыз тарап тажик элчисине буга чейин дагы Тажикстандын жарандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдар тарабынан мыйзамсыз жана чагымчылдык аракеттер болгонун айткан", - деп айтылат маалыматта.