Гуманитардык жардамдар даректүү жеткирилип жатат. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, башка аймактардан келген гуманитардык жардамдар айрым айылдарга түз жеткирилүүдө.
"Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча 14 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Жардамдар Баткен облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кампасына түшүп жатат. Андан ары даректүү бөлүштүрүлүп, райондорго, шаарларга жеткирилип жатат.
Алсак бүгүн, 1-майга карата кампада 12 миң 220 литр таза суу, 9 жарым тонна ун, 1 миң 640 килограмм кумшекер, 20 миң килограмм картошка, 5 миң 370 килограмм күрүч, гречка, 8 жарым миң литр өсүмдүк майы, 11 миң 132 килограмм макарон, 4 миң 240 килограмм сабиз, пияз жана башка төшөк-жууркан, оюнчуктар бар.
Бүгүнкү күндө Лейлек районуна 60 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри гуманитардык жүктөрдү өзү алып кетти. Мындан тышкары Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына жүктөр жөнөтүлүп жатат. Келип түшкөн кайрылууларга жараша жардамдар берилмекчи", - деди ал.
28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду
1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.