Чек ара чыры: Саат 18:30га карата каза болгондордун саны 34кө жетти, маркум 24 жашта болгон

Бүгүн, 1-май саат 18:30га карата чек ара чырынан улам жабыркагандардын саны 173кө жетсе, анын 34ү каза болду. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн, 1-майда дагы 7 жабырлануучу ооруканага кайрылып, анын экөөнө тиешелүү жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 5 адам стационарларга жаткырылды, абалдары орто оордукта. Ал эми Ош облусунун 1997-жылы туулган тургуну Бактияров Азазбек Бактиярович каза болду.

"Куралдуу жаңжалдан улам жабыркагандардын ичинен 31и аскер адамдары, бирөө медицина кызматкери, 131и карапайым адамдар, дагы 10 бейтап тууралуу жеке маалыматтар такталууда", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaraisyn
2021-05-01 19:31:26
Бүгүнкү күнүбүз азырда өсүп аткан жаштарыбызга, келечекте мекенге болгон сүйүү, патриоттук сезимдери курчуп аткан азаматтарга кандай таасир этер экен. Чиркин жеңилдик. Алар майрамдап жатышат. Мындай шермендечиликтен атышып өлгөнүбүз артык эле. Жакынкы жылдары жаштарыбыз армияга барар бекен. Жаштардын духу өлдү. Ишенич жоголду, коркуу сезимдери күч алды. Кийинки мезгилде ушулар менен тең ата чыга алар бекенбиз. Аттиң ай, аттиң ай кыргызым башыңда дагы не күн бар.
+6
Jaraisyn
2021-05-01 19:35:28
Кыргызды ушул күнгө кириптер кылгандарга миң наалат болсун! Эки дүйнө жакшылык көрбөгүлө. Өлкөнүн байлыгын жегендер, артта калган экономика, чекара, ушул алсыздык, кедейликке алып келген бардык чиновнигиң кудай уруп кетсин силерди. Акмактар, тажик бизге ким эле, [moderated]да бардык биздин жаштарыбыз алардын жеңишин көрүп көзүнө жаш алып отурушат. Дух деген нерсе калбады. Өкүнүштү. Ыйлашты. Өлкөнүн кудуретине, келечекке ишенимдери жоголду. Өлүп калгыла баарың. Жакшылык көрбөгүлө
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан