Бүгүн, 9-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткенге болгон иш сапарынын алкагында, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда ал тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын, чектеш айылдардагы чыңалууну четтетүү боюнча чаралардын топтомун көрүү жана коомдук тартипти сактоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
"Мадумаров кечээ мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуя учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган аскер кызматкерлеринен кабар алды. Вице-премьер-министрге жапа чеккендердин саламаттыгы тууралуу айтып беришти. Акрам Мадумаров аскерлерге сакайып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү каалап өттү, ошону менен бирге аларга мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
2020-жылдын 8-май күнү Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок кыргыз тарап бул жер тилкесин пайдаланып келет. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган. Анын кесепетинен кыргыз тараптан 3 адам жабыркаган. Алардын абалы оор экени маалымдалган.