Түркия мамлекети баткендиктерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Руслан Казакбаев менен болгон сүйлөшүүсүндө айтты.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 1-майда түрк тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү уюштурулду.
Анда Түркиянын тышкы иштер министри кыргыз элине көңүл айтып, 28-29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяларда каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгиледи. Ошол эле учурда ал кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралар боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарабы колдоорун билдирди.
Руслан Казакбаев кесиптешине ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жетишилген келишимдер жөнүндө маалымат берди.
Мевлют Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын аймагын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык калыбына келтирүүдө Түркия ар тараптуу жардамга даяр экендигин билдирди.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.