Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжал учурунда курман болгон аскер Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркум аскердин жакын досу билдирди.
Анын айтымына караганда, Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында жерге берилди.
"Эсентур досубуздун сөөгү Ак-Муз айылында бүгүн, саат 16:00дө жерге берилди", - деди маркум аскердин досу.
Эсентур Кубанычбек уулу Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейин бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген.
SUPER.KG порталынын жалпы жамааты чек арадагы чырда каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана аза кайгысын тең бөлүшөт.